• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ кыргызстандыктарды куралдуу кагылыш жүрүп жаткан Судан өлкөсүнө барбай турууга чакырды

Коом 0

Бишкек, 20.04.23. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарды куралдуу кагылышуу жүрүп жаткан Судан Республикасына барбай турууга чакырды.

Ведомствонун маалыматына ылайык, учурда Судан өлкөсүндө регулярдуу армия менен ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн ортосундагы куралдуу кагылыш уланууда.

"Тышкы иштер министрлиги кагылышуулардын натыйжасында кырдаалдын курчушуна байланыштуу Кыргыз Республикасынын жарандарын аталган өлкөгө абал толук турукташканга чейин ар кандай саякаттоолордон убактылуу баш тартууну сунуштайт", - деп айтылат маалыматта.

Кыргызстандын Сауд Аравия Падышалыгындагы элчилигинин маалыматы боюнча, учурда Судандын аймагында жашаган Кыргыз Республикасынын жарандары катталган эмес.

Пикир

Оставить комментарий