• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ТИМ кыргызстандыктарга маянасын төлөбөй жаткан түрк мейманканасы боюнча маселени өз көзөмөлүнө алды

Саясат 0

Бишкек, 16.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Анталиянын мейманканаларынын бири кыргызстандыктарга маяна төлөбөй, учакка билет сатып бербей жаткандыгы жөнүндө маалымат боюнча териштирүү жүргүзүп жатат.

ТИМдин басма сөз кызматы билдиргендей, КРнын Стамбул шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына караганда, 15-октябрда Анталия шаарындагы консулдук пункттун вице-консулунун “Фиеста Сервис” жеке менчик агенттигинин өкүлү менен сүйлөшүүсү болгон.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө агенттиктин өкүлү көрсөтүлгөн жарандар иштеген мейманкананын жетекчилиги аларды өз убагында кайра кайтып келүүчү билеттер жана акыркы 2 жарым айдагы айлык акысы менен камсыздай албай калгандыгын айткан.

Мейманкананын жетекчилиги бул маселени ушул жуманын аягына чейин чечип берүүнү көздөөдө. Агенттиктин өкүлү аталган кыргыз жарандары Түркиядан кеткенге чейин мейманканага жайгаштырылганын, алар жашаганга жери жок калгандыгы тууралуу маалымат чындыкка туура келбейт экендигин билдирди. Башкы консулдукка КР жарандарынан көрсөтүлгөн маселе боюнча расмий кайрылуу түшпөгөндүгү маалымдалды.

Маселени ТИМ жана КРнын Стамбулдагы башкы консулдугу өз көзөмөлүнө алышты.

Пикир

Оставить комментарий