• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ: Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат

Коом 0

Бишкек, 15.08.21 /Кабар/. Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

"Министрлик Афганистадагы окуяларга жана аскердик-саясий кырдаалга тыкыр көз салып жатат. Кыргызстандын Кабул шаарындагы элчилиги кадимки тартипте иштеп жатат. КР ТИМ Афганистанда убактылуу жүргөн Кыргызстандын жарандары менен туруктуу байланышта болууда, алардын коопсуздугун камсыз кылуу жана эвакуация боюнча бардык чаралар көрүлүүдө", - деп айтылат билдирүүдө.

Пикир

Оставить комментарий