• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ: Москвада кыргыз жарандарынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду

Кырсык 0

Бишкек, 08.08.22. /Кабар/. Москвада кыргыз жарандарынын өлүмү боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Москвадагы оперативдүү штабынын маалыматына караганда, нөшөрлөп жааган жамгырдын кесепетинен оңдоо иштери жүрүп жаткан канализацияны суу каптап, үч жумушчуну агызып кеткен.

Кырсыктын кесепетинен 2002-жылы туулган К. уулу Б. жана 1999-жылы туулган Б.уулу К. аттуу Кыргызстандын эки жараны каза болгон.

"Ишти аткарууда коопсуздук эрежелерин бузуу фактысы боюнча Россиянын Москва шаары боюнча Башкы тергөө башкармалыгынын Тергөө комитетинин Люблино райондор аралык тергөө бөлүмү тарабынан кылмыш иши козголду.

Окуя болгон жерге Кыргызстандын эчилигинин юристи барды, элчилик каза болгондордун жакындарын аныктоо боюнча ыкчам иштерди жүргүзүп жатат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, Москвада канализацияда суу агызып кеткен кыргызстандыктардын сөөгү табылган.

Пикир

Оставить комментарий