• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ: Новосибирсктеги өрттөн каза болгон эки кыргызстандыктын өздүгү такталды

Коом 0

Бишкек, 04.01.18. /Кабар/. Новосибирск облусунда (Россия) 4-январда Искитим районунун Чернореченский аймагында бут кийим сактоочу кампадан ири өрт чыккан.

Россиянын Тергөө комитетинин маалыматына ылайык, өрттүн кесепетинен эки кыргыз жараны 24 жаштагы Б.у.Д., жана 27 жаштагы С.у.Ю. каза болгон.

19 жаштагы К.у.Н, экинчи даражадагы күйүк алып, дарыгерлердин текшерүүсүнөн өткөндөн кийин үйүнө кой берилген.

Учурда аталган факты боюнча кылмыш иши козголду.

Кырсык болгон жерде атайын кызматтар, тергөөчүлөр жана Россия ӨКМнин психологдору иш алып барышууда.

Учурда электр зымдарынын тийишип калышы өрттүн келип чыгышына себеп болушу мүмкүн экени айтылууда.

Пикир

Оставить комментарий