• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ: Оренбургдагы кыргызстандыктарды алып келүү үчүн чартердик рейс уюштурулду

Коом 0

Бишкек, 20.05.20. /Кабар/. 20-майда КР Өкмөтү учурда Россиянын Оренбург облусунун Бузулук районунда жүргөн жарандардын бир бөлүгүн Кыргызстанга кайтаруу үчүн «Оренбург-Бишкек» каттамы боюнча чартердик рейс уюштурду. Тактап айтканда, балдар, аялдар, кош бойлуулар, ошондой эле улгайган курактагы жана ден соолугу начар жарандар алынып келет. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, бул рейс Кыргызстан менен Россиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашуусунун негизинде ишке ашырылууда.

Кыргыз Республикасынын президенти С.Ш. Жээнбеков менен Казакстан Республикасынын президенти К.К. Токаевдин ортосунда жетишилген макулдашууну ишке ашырууда, ошондой эле Оренбург облусундагы кыргызстандыктарды чыгарып кетүү үчүн Казакстандын аймагынан транзиттик коридор уюштуруу маселеси иштелип чыкты.

Аталган чартердик каттамдын артынан эле жарандарды мекенине кайтаруу үчүн автобустардан колонна дагы уюштурулат.

Кыргызстанга келери менен бардык жарандар бекитилген тартипте обсервацияга жайгаштырылат.

КР ТИМ Россиядагы кыргызстандыктарды сабырдуулукка, бири-бирин урматтоого, тартипке, кырдаалды туура түшүнүүгө жана жүргөн өлкөсүнүн эрежелерин жана тартибин так сактоого чакырат.

"Чек ара расмий ачылмайынча, Россия-Казакстан чек арасын көздөй барбоого суранабыз, өзүӊүздүн, жакындарыӊыздын өмүрүн жана саламаттыгын коркунучка салбагыла, сиздер жүргөн өлкөнүн бийликтерин өзгөчө чара көрүүгө аргасыз кылбай, эмоцияга алдырбай, шашылыш иш-аракеттерге барбастан, авиа жана жүргүнчү ташыган билдирүүлөр кайра иштей баштаганга чейин коопсуз жайларда күтө туруӊуздар", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий