• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМ: Оренбургдан 413 кыргызстандык кайтып келди

Коом 0

Бишкек, 24.05.20. /Кабар/. Бүгүн, 24-майда Оренбургдан Бишкекке 413 кыргызстандык кайтып келди. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Кыргыз Республикасынын президенти Сооронбай Жээнбеков жана Казакстан Республикасынын президенти Касым-Жомарт Токоевдин Кыргызстандын жарандарын ташып чыгуу үчүн Казакстандын аймагы боюнча транзиттик коридорду берүү жөнүндө сүйлөшүүлөрдүн алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан иштелип чыккан маселесинин негизинде Россия Федерациясынын Оренбург облусунун Бузулук районундагы 413 жаран мекенине кайтып келди.

"24-майда Кыргыз Республикасына Кыргызстандын Өкмөтү тарабынан берилген 9 автобус менен Казак Республикасынын аймагы аркылуу транзиттик коридордо 2 сутка аралыгында келишти. Бардык келген адамдар белгиленген тартипте тиешелүү медициналык процедуралардан өтүү үчүн обсервацияга жайгаштырылат", - деп айтылат маалыматта.

Ошону менен бирге, КР ТИМ Кыргыз Республикасынын жарандарын Россия-Казакстан чек арасы тарапка анын ачылышы расмий жарыяланганга чейин барбай турууга, алардын жакындарынын өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч туудурбоого, жүргөн өлкөнүн бийлигин жүйөөлүү эмес чараларды кабыл алууга мажбур кылбоого, эмоцияга алдырбоого, кокустук аракеттерди жасабоого жана коопсуз жайлардагы авиациялык жана жүргүнчүлүк билдирүүнүн жандандырылышын күтүүгө чакырат.

Пикир

Оставить комментарий