• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Пакистандын аймагында жүргөн үч кыргызстандык коронавирус жуктуруп алган

COVID - 19 0

Бишкек, 02.04.20. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 1-апрелине карата Пакистандын аймагындагы Абботабад шаарында жүргөн үч кыргыз жараны Covid-19 коронавирустук инфекциясын жуктуруп алгандыгы аныкталды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) басма сөз кызматы билдирет.

Алдын ала маалыматка ылайык, 1950-1952-1959-жылкы үч КР жараны башка алты кыргызстандык жана бир РФнын жараны (кыргызстандык аял) менен кошо Хайбер-Пахтунхва провинциясынын Абботабад шаарына дааватка келишкен.

"Азыркы учурда бейтаптардын бири ооруканада, анын жанында бир үй-бүлө мүчөсү бар - ал дагы коронавирус жуктуруп алган. Үчүнчү жаран карантиндик аймакта дарыгерлердин көзөмөлүндө болууда. Бардыгынын абалы туруктуу. Аталган жарандар Кыргызстандын Исламабаддагы элчилигинде консулдук каттоодо турбайт. Жардам сурап өз алдында кайрылышкан эмес. Элчилик Пакистандын медициналык мекемелери жана укук коргоо орган кызматкерлери менен тынымсыз байланышта болууда", - деп кошумчалашты тышкы саясий ведомствонун басма сөз кызматынан.

Эске сала кетсек, 2-апрелге карата Кыргызстанда коронавирус жуктуруп алгандарды саны 116 кишиге жетти. Анын ичинен Жалал-Абад облусунда бешөө айыгып чыккан.

Пикир

Оставить комментарий