• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ: Пандемия башталгандан бери 9 миңден ашуун жаран Кыргызстанга кайтып келген

Коом 0

Бишкек, 12.05.20. /Кабар/. Коронавирустук инфекция башталгандан бери жалпы 23 өлкөдөн 9 миң 196 кыргыз жараны Кыргызстанга кайтып келген. Бул тууралуу КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.

Анын айтуусунда, алардын баардыгы жерде жүрүүчү транспорт жана аба каттамдары аркылуу мекенине кайтарылган.

"Кыргыз Республикасынын президенти тарабынан сырттагы мекендештерди алып келүү жолдорун издөө, аларга жардам берүү боюнча так жана конкреттүү тапшырмалар коюлган. Аталган тапшырманы аткаруу үчүн Тышкы иштер министрлиги чет өлкөдөгү дипломатиялык жана консулдук мекемелер менен тыгыз иштешип, өнөктөш өлкөлөр менен аракеттерди көрүп жатат", - деп билдирди ал.

Министр кошумчалагандай, акыркы 12 күндүн ичинде эле чет мамлекеттерден 995 жаранды Кыргызстанга алып келүү жолдору иштелип чыккан.

"Баардык элчиликтерибиз жана консулдар тынымсыз иштөөдө. Чет жактагы мекендештерибиздин диаспоралары жана бирикмелери менен тыгыз өз ара аракеттенүү жүрүп жатат. Кайрылуулардын баарына көңүл буруудабыз", - деп билдирди ал.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунун башчысы маалымдагандай, кыргыз өкмөт тарабынан бөлүнгөн накча каражаттарына Россиядагы элчилик жана Дубай шаарындагы консулдук кыргыз жарандарынын хостелдерде убактылуу жашоо маселесин чечип жатат.

"Бул каражаттарды максаттуу пайдалануу жоопкерчилиги дипломатиялык өкүлчүлүктүн башчыларына жүктөлөт. Аткарылган иштин жыйынтыгы боюнча алар отчет берет, ал баяндама өкмөткө жөнөтүлөт", - деген министр кыргызстандыктардын бир бөлүгүн алып келүүгө жардам бергендиги үчүн Россия, Казакстан, Түркия жана башка өлкөлөргө ыраазычылык билдирди.

Пикир

Оставить комментарий