• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

ТИМ: Россиянын Алтай крайындагы кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок

Кырсык 0

Бишкек, 28.10.19. /Кабар/. Россиянын Алтай крайында катталган кырсыктан жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок. Бул тууралуу КР ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Алтай крайы боюнча башкы башкармалыгынын маалыматына ылайык, үстүбүздөгү жылдын 26-октябрында Алтай крайында жол кырсыгы катталган. Кыргызстандын Новосибирск шаарындагы башкы консулдугунун маалыматына караганда, жабыркагандардын арасында кыргызстандыктар жок.

Эске салсак, 2019-жылдын 26-октябрында Алтай крайынын “Барнаул-Рубцовск” федералдык унаа жолунун 74–чакырымында “Фиат Дукато” үлгүсүндөгү кичи автобус менен “Ниссан” үлгүсүндөгү автоунаа кагылышкан. Кырсыктан сегиз адам жабыркап, жергиликтүү ооруканага жеткирилген.

Пикир

Оставить комментарий