• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Саат 9:00гө карата чет жактагы 535 жаран добуш берди

Шайлоо 2020 0

Бишкек, 04.10.20. /Кабар/. Бишкек убактысы боюнча саат 9:00гө карата Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоодо чет жактагы 535 жаран добуш берди. Бул тууралуу брифингде КР тышкы иштер министри Чыңгыз Айдарбеков билдирди.

Анын айтуусуна караганда, азыркы учурда убакыттын айырмачылыгына байланыштуу чет жактагы шайлоо тилкелеринин баардыгы ачыла элек. Ал чет өлкөлөрдө баардыгы болуп 45 участок ачылгандыгын, шайлоочулардын саны 32 миң 602ни түзөрүн эске салды.

«Анын ичинен Россиянын Түштүк-Сахалинск шаарындагы элчиликтин кеңсесинди 118 адам өз добуштарын беришти, Якутск – 67, Иркутск – 11, Красноярск – 30, Новосибирсктеги башкы консулдукта – 35, Япониядагы элчиликте – 86, Түштүк Корея – 65, Кытай – 10, Гуанчжоудагы консулдукта – 4, Малайзиядагы элчиликте – 5, Алматыдагы башкы консулдукта – 42, Казакстандагы элчиликте – 47», - деди ал.

ТИМ башчысы кошумчалагандай, эң акыркы болуп Вашингтондогу (АКШ) шайлоо участогу ачылат.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага 16 саясий партия ат салышууда.

Пикир

Оставить комментарий