• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиевдин Минсктеги эстелигине гүл чамбар коюлду

Жеңишке 75 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Улуу Ата Мекендик согуштун 75 жылдыгына карата 1944-жылы немис-фашисттик баскынчылардан Белорус жергесин бошотуу учурунда баатырдык менен каза болгон, кыргыз элинин уулу, Советтер Союзунун баатыры Жумаш Асаналиевдин Минсктеги эстелигине салтанаттуу гүл чамбар коюу аземи болуп өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, иш-чарага КРнын Белоруссиядагы Атайын жана Ыйгарым укуктуу элчиси Эрмек Ибраимов, Белорусиянын маалымат министри Александр Карлюкевич, Минск шаарынын Октябрь районунун башчысынын орун басары Александр Мацевич жана башкалар катышты.

"Иш-чаранын жүрүшүндө элчи Э.Ибраимов Беларустун жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүнө маек берди. Элчи жергиликтүү коммуналдык кызматтарга жана тургундарга, алар эстеликти карап жаткандарына ыраазычылык билдирди, ошондой эле Кыргызстанда ардагерлерди баркташарын жана 9-май ыйык майрам экендигин белгилеп, Улуу Ата мекендик согуш жөнүндө эс тутум үчүн Беларуска терең ыраазычылык билдирди", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий