• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

ТИМ: Түркия полициясы Бурсада каза болгон кыргыз жаранынын өлүмүнүн себебин иликтөөдө

Коом 0

Бишкек, 4.12.17./Кабар/. Бурсанын полициясы 27 жаштагы каза болгон Кыргызстандын жаранынын өлүмүн иликтөөдө. Бул тууралуу КР ТИМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, КРдин Стамбулдагы Башкы консулдугу жергиликтүү полиция менен байланышкан, алар кыргыз жараны каза болгон фактысын тастыкташкан.

Ошондой эле, консулдук маркумдун туугандары менен байланышып, окуя тууралуу маалымат беришкен.

ТИМдин берген маалыматы боюнча, Стамбул-Бишкек каттамы боюнча маркумду мекенине акысыз жеткирүү боюнча түрк авиакомпаниялары менен макулдашылды.

Пикир

Оставить комментарий