• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ Түркияда каза болду делген кыргызстандык аял тууралуу маалыматты ырастаган жок

Кырсык 0

Бишкек, 10.02.23. /Кабар/. КР Тышкы иштер министрлиги ЖМКларда тараган Түркиядагы жер титирөөдөн улам Кыргызстандын жараны (аял) каза болду делген маалыматты тастыктаган жок.

Тышкы саясий ведомстводон билдиришкендей, азыркы учурда аталган мекендешибиз жашаган жерде куткаруу иштери жүргүзүлүүдө. Азырынча ал менен байланышуу мүмкүн болгон жок.

Окуя болгон жерде Кыргызстандын Анталия шаарындагы башкы консулдугунун жетекчилиги жана кызматкерлерди иш алып барышууда.

"Маселеге кылдат кароо керектигине байланыштуу КР ТИМи ЖМКларды такталбаган маалыматты таратуудан карманууга чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Кыргызстандын Түркиядагы элчиси Руслан Казакбаев өзүнүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу учурда Кыргызстандын жарандарынын арасында каза болгондор боюнча тастыкталган маалыматтар жок экенин билдирди.

"Хайтай шаарында урандылардын астында КР 1986-жылы туулган Б.М. жараны каза болушу мүмкүн деген маалымат келген. Учурда Антальядагы Башкы консул Хатай шаарында. Урандылар тазалана элек болгондуктан, астында жараныбыз болуп болбогонун ырастай албайбыз. Ошого карабастан мекендешибизди түрүү табабыз деп үмүт кылып жатабыз", - деп жазды элчи.

Пикир

Оставить комментарий