• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ Түркияда каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жөнөтүүгө көмөктөшөт

Коом 0

Бишкек, 23.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Түркиянын Гиресун провинциясында жарандык никедеги күйөөсү тарабынан өлтүрүлгөн кыргызстандык келиндин сөөгүн мекенине жөнөтүү маселесин карап жатат. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окуя министрликтин тыкыр көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 2022-жылдын 20-июнунан 21-июнуна караган түнү Гиресун провинциясынын токоюнан зомбулуктан каза болгон аялдын сөөгү табылып, ал 1982-жылы туулган КР жараны К.Н. экени аныкталган. Учурда укук коргоо органдары тарабынан ыкчам-иликтөө иш-чаралары жүргүзүлүп, адам өлтүрүүгө шектелген түрк жарандары М.А. жана Х.Ч. кармалды.

Пикир

Оставить комментарий