• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ТИМ: Түркияда октон жараат алган кыргызстандык реанимацияда, абалы туруктуу

Коом 0

Бишкек. 18.03.19 /Кабар/. Түркиянын Конак шаарында октон жараат алган кыргызстандык реанимацияда, абалы туруктуу. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Медиктердин маалыматына ылайык, 29 жаштагы Элнура Турманбетовага операция жасалды, ал азыр реанимация бөлүмүндө, абалы туруктуу, - деп айтылат маалыматта.

Полициянын маалыматы боюнча, Гозэнтеп Махаллеси көчөсүндө белгисиз адам Фехми Арман аттуу жарандын автоунаасына тапанчадан ок чыгарган. Ал учурда унаанын артында 29 жаштагы Турманбетова аттуу жүргүнчү отурган.

Октон жараат алган кыргыз кызы ооруканага жеткирилген. Учурда анын абалы туруктуу экендиги кабарланды.

Полиция ок чыгарган жарандын өздүгүн тактоо боюнча ыкчам-издөө иштерин баштаган.

Пикир

Оставить комментарий