• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ТИМ: Түркиядан атайын борт менен 22 кыргызстандык эвакуацияланды

Коом 0

Бишкек, 09.02.23. /Кабар/. Түркиянын Газиантеп шаарынан мекенине кайтып келүү каалоосун билдирген 22 кыргызстандык Казакстандын атайын борту менен Астанага эвакуацияланды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маселени чечүүдө КР Тышкы иштер министрлиги Кыргызстандын Түркиядагы элчилиги, Стамбул жана Анталия шаарларындагы башкы консулдуктары менен бигеликте иш алып барды.

Ведомстводон белгилешкендей, Кыргызстандын Казакстандагы элчилиги эвакуацияланган жарандардын Астанадан Кыргызстанга кайтып келишине көмөк көрсөтөт.

Мындан тышкары, Кыргызстандын 20 жараны Газиантеп жана Кахраманмараш шаарларынан Анталия, Алания жана Стамбул шаарларына эвакуацияланды.

Ошондой эле Кыргызстандын дипөкүлчүлүктөрү тарабынан 10 кыргыз жараны Түркиянын Хатай шаарынан коопсуз райондорго чыгарылды.

Эскерте кетсек, 6-февралда таңга жуук Түркия жана Сириянын аймагында очогунда 7,8 баллга жеткен катуу жер титирөө катталып, бир нече шаар кыйраган. Кийин жер титирөө дагы кайталанып, анын күчү очогунда 7,6 баллга жеткен.

Учурда Түркияда жер титирөөдөн каза болгондордун саны 9 миң 57 адам, жабыркагандардын саны 52 миң 979 адамды түзгөндүгү кабарланууда.

КР ТИМден белгилешкендей, Түркиядагы жер титирөөдө каза болгондордун арасында кыргызстандыктар жок.

Пикир

Оставить комментарий