• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ТИМ Всеволожскиде каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшүүдө

Коом 0

Бишкек, 18.06.22. /Кабар/. Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын Всеволожск шаарында унаа сүзүп, каза болгон кыргызстандыктын сөөгүн мекенине жеткирүүгө көмөктөшүүдө.

ТИМден билдиришкендей, 16-июнь күнү Россиянын Ленинград облусунун Всеволожск шаарында 1980-жылы туулган Е.Р.С аттуу айдоочу Кыргызстандын О.А.Д аттуу жарынын сүзүп, жол кырсыгы болгон жерден качып кеткен. Натыйжада О.А.Д. алган жараатынан окуя болгон жерде каза болгон.

Учурда айдоочуга РФ Кылмыш-жаза кодексинин 264-беренесинин 4-бөлүгүнүн «б» пункту менен кылмыш иши козголуп, камакка алуу түрүндөгү баш коргоо чарасы тандалды.

Ошондой эле ведомстводон кошумчалашкандай, бул маселе Кыргызстандын Россиядагы элчилигинин Санкт-Петербург шаарындагы кеңсесинин (бөлүмүнүн) өзгөчө көзөмөлүндө.

Буга чейин жалпыга маалымдоо каражаттары Санкт-Петербургда кыргызстандык жаранды унаа сүзүп кетип каза болгондугун, кылмышкер уурулук фактысын айтып, унааны өрттөп жибергендигин жазышкан.

Пикир

Оставить комментарий