• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

ТИМ Закир Юбуровдун кармалышы боюнча Казакстан элчилигине нота жөнөттү

Коом 0

Бишкек, 10.01.22. /Кабар/. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандык Закир Юбуровдун кармалышы боюнча Казакстандын элчилигине нота жөнөттү.

ТИМден билдиришкендей, Закир Юбуров жана Кыргызстандын башка жарандарынын кармалышы боюнча учурда консулдук-укуктук жардам көрсөтүүнүн алкагында тийиштүү чаралар көрүлүүдө.

Казакстан тарапка аталган жарандарды кармоо фактысы жана текшерүү иш-чараларынан кийин мөөнөтүнөн мурда бошотуу боюнча министрликтин нотасы жөнөтүлдү.

Белгилей кетсек, буга чейин Казакстандын жалпыга маалымдоо каражаттары митингге катышуу үчүн Кыргызстандан келгенин айтып берип жаткан адамдын видеосун таратышкан. Анын сөзү боюнча белгисиз адамдар митингге катышуусу үчүн ага 90 миң тенге сунушташкан.

Кыргызстанда видеодогу адам таанылып, ал КР жараны Викрам Рузахунов экендиги аныкталды. Ал пианист, аранжировкачы жана “Джаз_Бишкек_Весна” фестивалынын аткаруучу директору болгон.

Андан соң Казакстандын ЖМКлары республиканын күч түзүмдөрүнө шилтеме берүү менен кыргызстандык музыкант – Викрам Рузахунов тууралуу маалымат чындыкка дал келбей турганын, видеодо кармалган адамдын аты-жөнү Закир Убуров экенин, ал 1990-жылы туулгандыгын жазып чыгышкан.

Кийинчерээк социалдык тармактарда кармалган адамдын агасы Тахир видеодогу адам Закир экендиги тууралуу маалыматтын чындыкка дал келбестигин билдирген.

“Кабар” агенттиги Закирдин агасы Тахир менен байланышкан. Тахирдин айтымында, Закир Юбуров (казак ЖМКлары жазгандай Убуров эмес) Казакстанда 1,5 жылдан бери жашайт жана "Байсат" базарында идиш-аяк сатат.

“Биринчи видеодогу адам Закир эмес. Ал азыр кайда экенин билбейбиз. Ал жума күнү эле досу жана досунун үй-бүлөсү менен Кыргызстанга келмек. Бирок алардын бардыгын постто кармап, андан кийин досунун үй-бүлөсү – аялы менен балдары бошотулган, Закир менен анын досу эмне болгону белгисиз. Алар менен байланышыбыз үзүлүп калды”, - деп айтып беришти туугандары.

Бүгүн Кыргызстандын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) Казакстанда кармалган кыргызстандык музыкант Викрам Рузахуновдун бошотулганын тастыктады.

Пикир

Оставить комментарий