• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ТИМ: Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон ирандык альпинисттерди издөө уланат

Кырсык 0

Бишкек, 09.08.21. /Кабар/. Жеңиш чокусунун аймагында жоголгон эки ирандык альпинист Мехри Джафари жана Реза Адинени издөө уланат. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, адискөй куткаруучулардын тобунун жана тик учактардын катышуусундагы издөө операциясы 6-августта башталган жана азыркы убакка чейин уланууда.

"Тилекке каршы, эмдигиче издөө операциясы натыйжа берген жок, ошондой эле эки альпинисттин учуп кеткен жана жоголгон (6 миңден 7 миң метрге чейинки) жерлерин альтитудасынын чоңдугу оорлукту жаратууда. Жоголгон ирандык альпинисттерди издөө дагы да болсо улана бермекчи", - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий