• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМ: Жээнбеков менен Рахмондун жолугушуусун өткөрүү боюнча иш жүрүүдө

Саясат 0

Бишкек, 23.07.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков менен Тажикстан Республикасынын президенти Эмомали Рахмондун жолугушуусун өткөрүү боюнча иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Жетишилген макулдашууларга ылайык тараптар КР президенти С. Жээнбеков менен Тажикстандын президенти Э. Рахмондун жолугушуусун уюштуруу боюнча иш жүргүзүүдө" - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка ылайык, жолугушууда күн тартибинде турган эки тараптуу бир катар маселелер, анын ичинде кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитация жана демаркация маселелери талкууланат.

Эске салсак, кечээ, 22-июль күнү болжол менен саат 17:30да кыргыз-тажик чек арасында чыр чыккан. Ички иштер министрлигинен билдиришкендей, Тажикстандын Исфара районунун Ворух айылынын тургундары мурда "Аксай" деген жазуу турган жерге желек орнотоюн деген. Ал нерсе Кыргызстандын жарандарынын нааразычылыгын туудурган. Эки тарап бири-бирине таш ыргытып, ок ата баштаган. Жыйынтыгында 14 киши жаракат алган. Жаракат алгандардын арасында милиция жана чек ара кызматынын кызматкерлери бар.

Чек ара кызматы билдиргендей, бүгүн Чек ара кызматынын төрагасы Уларбек Шаршеев, өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Акрам Мадумаров катышкан чек ара жашоочулары арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү маалында тажик тараптан Кыргызстандын жарандары тарапка эки ок атуу болгон. Жыйынтыгында чек арачы жоокер жарадар болгон.

Кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын аталган тилкесинде чек арачылар күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө өткөн.

Пикир

Оставить комментарий