• 89.01
  • 94.71
  • 0.94

ТИМ жетекчилиги, кызматкерлери жана ардагерлери ишембиликке чыгышты

Коом 0

Бишкек, 10.04.21. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, кызматкерлери жана Кыргыз Республикасынын дипломатиялык кызматынын ардагерлери Бишкек шаарын көрктөндүрүү, санитардык тазалоо жана жашылдандыруу боюнча жарыяланган жалпы шаардык үч айлыктын алкагында ТИМ Дипломатиялык академиясынын аймагында кезектеги ишембилик өткөрүштү. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев КР дипломатиялык кызматынын ардагерлери менен биргеликте Дипломатиялык академиянын имаратынын аймагына ийне жалбырактуу көчөттөрдү отургузушту.

Пикир

Оставить комментарий