• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Азизбек Мадмаров ЖККУ парламенттик ассамблеясынын байкоочулары менен жолукту

Шайлоо 2023 0

Бишкек, 27.11.21. /Кабар/. Бүгүн, 27-ноябрында КР тышкы иштер министринин орун басары Азизбек Мадмаров КР Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону даярдоонун жана өткөрүүнүн жүрүшүнө мониторинг жүргүзүү үчүн Бишкекке келген ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочу миссиясынын мүчөлөрү менен жолугушту. Бул тууралуу ТИМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, А.Мадмаров эл аралык байкоочуларга КРнын негизги иш-чарасына жигердүү катышуусууна ыраазычылык билдирди жана шайлоонун жыйынтыгы боюнча эл аралык байкоочулардын ар тараптуу жана объективдүү баа берүүсүнө ишеничин билдирди.

Министрдин орун басары А.Мадмаров өлкө жетекчилиги таза демократиялык шайлоо өткөрүү үчүн бардык аракеттерди көрүп жатканын, тактап айтканда, КР президенти Садыр Жапаров «Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине депутаттарды шайлоону эркин, таза жана ачык өткөрүүнү камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө» жарлыкка кол койду.

А.Мадмаров алдыдагы шайлоонун өзгөчөлүгү жаңы Конституцияга ылайык, аралаш шайлоо системасында, башкача айтканда пропорционалдык жана мажоритардык системада өтөөрүн белгиледи.

Кыргыз дипломаты шайлоо процессинде санариптик технологиялар шайлоонун ачык-айкындуулугун, адилеттүүлүгүн жана ишенимдүүлүгүн камсыз кылуу үчүн колдонуларын айтты. Шайлоочулардын тизмесин түзүү жана шайлоого катышуу салттуу түрдө биометрикалык каттоонун негизинде жүргүзүлөт, бул ар кандай манипуляциялардын алдын алат.

А.Мадмаров билдиргендей, өлкөнүн чегинен тышкары жашаган же жүргөн Кыргызстандын жарандарынын шайлоо мүмкүнчүлүктөрүн жогорулатуу максатында 59 шайлоо участкасы түзүлгөн.

Ошондой эле Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министринин орун басары ЖККУ Парламенттер ассамблеясынын делегациясына дүйнөнүн 58 өлкөсүнөн, 20 эл аралык уюмдан (ЕККУ, КМШ, ЖККУ, ШКУ, ТМКК, ТүркПА, ЕБ жана башка эл аралык уюмдар), ошондой эле шайлоо процессин чагылдыруу үчүн чет элдик жалпыга маалымдоо каражаттарынын 50 өкүлү аккредитацияланганы жөнүндө маалымат берди.

Өз кезегинде ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын Миссиясынын координатору, Армения Республикасынын Улуттук ассамблеясынын регионалдык маселелер жана евразиялык интеграция боюнча туруктуу комиссиясынын мүчөсү А.Сандыков Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер менен бир катар жолугушууларды өткөрүшкөнү жөнүндө белгиледи. Добуш берүүнүн ар кандай этаптарында шайлоо участкаларына баруусу пландаштырып жаткандыгын маалымдады.

Миссиянын мүчөлөрү өтө турган иш-чаралардын жыйынтыгында, мониторинг тобу коомчулукка көз карандысыз калыс маалымат берерин баса белгилешти.

А.Мадмаров Кыргызстан ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын алкагында кызматташууну бекемдөөгө өзгөчө маани берерин айтып, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын натыйжалуу ишине чоң үмүт артып жатканын баса белгиледи.

Аягында А.Мадмаров ЖККУга мүчө-мамлекеттер биргелешкен күч-аракет менен жамааттык коопсуздукту камсыз кыла аларына ишенимин билдирип, ЖККУнун Парламенттик ассамблеясынын байкоочулар миссиясынын мүчөлөрүнө жоопкерчиликтүү иши үчүн ыраазычылык билдирип, ийгиликтерди каалады.

--

Пикир

Оставить комментарий