• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМде КР жана БУУ БДАП кызматташуусунун маанилүү багыттары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 11-апрель /Кабар/. 2017-жылдын 10-апрелинде КР ТИМде тышкы иштер министринин 1-орун басары Динара Кемелова БУУнун Бүткүл дүйнөлүк азык-түлүк программасынын Кыргызстандагы өлкөлүк директору Рам Сараванамутту менен жолугушту.

КР ТИМ басма сөз кызматы билдиргендей, жолугушуунун жүрүшүндө тараптар КР жана БУУ БДАП кызматташуусунун маанилүү багыттарын талкуулашты. Анда БУУ БДАП КРдагы башчысы 2018-2022-жылдарга иштелип жаткан жаңы Стратегиялык программа тууралуу маалымдады. Мектептерде тамактандырууну жакшыртууга жана социалдык өнүктүрүүгө багытталган “Мектепте тамактандырууну жакшыртуу”, “Социалдык коргоо жана коомчулуктардын туруктуулугун жогорулатуу улуттук тутумун күчтөндүрүү” долбоорлорун ишке ашыруу тууралуу билдирди.

Д.Кемелова көп жылдык жемиштүү кызматташууга оң баа берип, Кыргызстанда азык-түлүк коопсуздугун бекемдөө боюнча биргелешкен долбоорлорду иштеп чыгууга, ишке ашырууга көрсөтүлгөн жардамдарды баса белгиледи. Ошондой эле, ал КР жана БУУ БДАП кызматташуусун мындан аркы өнүктүрүүнү улантуу ишенимин билдирди.

Пикир

Оставить комментарий