• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

ТИМде өлкө башчысынын Өзбекстанга сапары талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 08.09.17 /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Эрлан Абдылдаев Өзбекстандын КРдагы элчиси Комил Рашидов менен жолугушту.

Тараптар Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеевдин мамлекеттик сапарынын жыйынтыгында жетишилген келишимдерди талкуулашты. Ошондой эле, кыргыз президенти Алмазбек Атамбаевдин Өзбекстанга мамлекеттик сапарына даярдануунун маанилүүлүгүн белгилешти.

Эки жак Кыргызстан менен Өзбекстандын кызматташтыгынын өсүшүнө оң баа беришти.

Пикир

Оставить комментарий