• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

ТИМдин кызматкерлери Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата ишембиликке чыгышты

Коом 0

Бишкек, 18.09.21. /Кабар/. Бүгүн, 18-сентябрда Бүткүл дүйнөлүк тазалык күнүнө карата жалпы шаардык ишембилик болуп өттү. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Бул күнгө карата КР Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери жана жетекчилиги жалпы демилгени колдоп, министрликке жакын жана ага бекитилген аймактарды тазалоого чыгышты.

Иш-чаранын катышуучулары Эркиндик бульварынын сейил багын, тротуарларды шыпырышып, газондорду жана сугат арыктарын таштандылардан жана кургак чөптөн тазалашты.

Пикир

Оставить комментарий