• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

ТИМдин түптөлгөнүнө 75 жыл болду: Бишкекте өткөн форумдан фоторепортаж

Коом 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 12-ноябрда, «Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгы. Кыргыз Республикасынын БУУ менен кызматташуусунун жыйынтыктары жана келечеги» форумуна катышты.

Мамлекет башчысы кыргыз дипломатиясынын тарыхы кылымдардын тереңине кетерин өзгөчө белгиледи.

Кыргыз Республикасы көп вектордуу, тең салмакталган жана прагматикалык тышкы саясатты жүргүзүүнү көздөөрүн баса белгиледи.

Сооронбай Жээнбеков Кыргызстандын экологиялык таза өлкөнүн статусун сактоого жана өнүктүрүүгө, аны улуттук брендге айлантуу ниетинде иш алпарылып жатканын эске салды.

Ошондуктан, дипломаттарга жана мамлекеттик органдарга жаңы багыттагы иштерди — экологиялык дипломатияны күчөтүү боюнча милдеттер коюлганын белгиледи.

Президент ошондой эле «2015-жылдын 12-декабрында Париж шаарында кол коюлган Климаттын өзгөрүүсү жөнүндө Бириккен Улуттар Уюмунун Алкактык конвенциясы боюнча Париж макулдашуусун ратификациялоо тууралуу» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койгонун билдирип, айлана-чөйрөнү коргоо, экологиялык коркунучтардын алдын алуу жана глобалдык экологиялык коркунучтарды токтотууда Кыргызстандын кошкон салымына кеңири токтолду.

Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин түзүлгөндүгүнүн 75 жылдыгына карата өткөн форумда бир катар дипломатиялык кызматтын кызматкерлери сыйлык алышты.

Пикир

Оставить комментарий