• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

ТИМдин жаңы жетекчиси дипкызматты реформалоодо ишти эмнеден баштай тургандыгын айтып берди

Саясат 0

Бишкек, 18.10.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Премьер-министри Мухаммедкалый Абылгазиев Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлигинин борбордук аппаратынын жамаатына Кыргыз Республикасынын тышкы иштер министри болуп дайындалган Чыңгыз Айдарбековду тааныштырды.

Абылгазиев КР ТИМдин ишин жакшыртуу жана Кыргызстандын улуттук кызыкчылыктарын эл аралык аренада эффективдүү жылдыруу үчүн тиешелүү тапшырмаларды койду, - деп билдирет ТИМдин басма сөз кызматы.

Айдарбеков өз кезегинде дипкызматты реформалоо жана министрликтин ишмердүүлүгүн оптималдаштыруу максатында алгачкы жасай турган пландары тууралуу айтып берген.

Айдарбеков жогорку ишеним көрсөткөндөрү үчүн КР президенти С.Ш.Жээнбековго, КР премьер-министри М.Д.Абылгазиевге, Жогорку Кеңештин депутаттарына ыраазычылык билдирип, КР тышкы иштер министрлиги алдында коюлган бардык тапшырмаларды ишке ашырууга болгон күч-аракетин жумшай тургандыгын билдирди.

Пикир

Оставить комментарий