• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү

Коом 0

Бишкек, 07.07.21. /Кабар/. Аскер прокуратурасынын өтүнүчү менен "Elite House" курулуш компаниясынын негиздөөчүсү, ишкер Тимур Файзиевдин баш коргоо чарасы өзгөртүлдү. Бул тууралуу Биринчи май райондук сотунун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, райондук соттун 2021-жылдын 6-июлундагы токтому менен Аскер прокурорунун улук жардамчысынын өтүнүчү канааттандырылды.

Шектүү Т.А. Файзиевге карата мурда колдонулган камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы сотко чейинки жана соттук өндүрүш иштери аяктаганга чейин сыртка чыкпоо тил каты баш коргоо чарасына өзгөртүлдү.

Эскерте кетсек, Тимур Файзиев Бишкектин аймагында жер тилкелерин алууда коррупцияга катыштыгы бар деп шектелүүдө.

27-майда сот Тимур Файзиевди сырттан камакка алуу чечимин чыгарган. Соттун чечими менен шектүүнү ЖАМКтын №1 абагына камакка алуу түрүндө баш коргоо чарасы тандалган.

Пикир

Оставить комментарий