• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Саралаев: Чек ара маселеси татынакай чечилип жатканда, элдин башын айлантпаш керек

Коом 0

Бишкек, 10.10.22. /Кабар/. "Чек ара татынакай чечилип жатканда, элдин башын айлантпаш керек", деген пикирин билдирди активист Тимур Саралаев.

"Кыргызстан менен Өзбекстандын чек арасын тактоо маселеси боюнча бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде маалымат берилди. Мен дагы жарандык коомдун өкүлү катары катыштым. Сындап жаткандар дагы чакырылыптыр. Жыйын видеого тартылган жок, бирок кенен ачык маалымат берилди. Эмнеге видеого тартууга уруксат бербегенин катышкандар дагы түшүндү деп ойлойм", - деди ал.

Саралаев сүйлөшүүнүн жыйынтыгы Кыргызстанга абдан пайдалуу болорун белгиледи. "Маалыматты тактабай туруп, “сатып жатыптыр, кокуй көтөрүлөлү эл журт” деген чакырыктарды айтпай турсак туура болот. Ушул келишим боюнча чек араны чечип, чекит коюлса, жыйынтыгына эл ыраазы болушуна шегим жок. Көп маалыматты айтпай эле коеюн. Жыйынга катышып, маалымат алган адам катары, жеке кызыгып сурагандарга дагы айтып берем.

Урматтуу достор, маалыматты билбей туруп элди козутуп, чакырыктар менен үндөгөндү койсоңор. Бул оюнчук эмес. Ансыз дагы Тажикстан менен мамилебиз согуштук абалда турганда, Өзбекстан менен татынакай чечилип жатканда буттан чалып, тескери маалыматтар менен элдин башын айлантпаш керек деп ойлойм", - деп жазган ал өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына.

Белгилей кетсек, бүгүн, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасындагы Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу талкуу өткөрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий