• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн аптада Өзбекстанда 198 жол кырсыгы катталды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Ташкент, 28.11.17. /Толонбай Курбанов – Кабар/. Өзбекстанда өткөн аптада 198 жол кырсыгы катталып, андан 194 адам жабыркаган,-деп билдирет республиканын ИИМнин жол коопсуздук башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы.

Маалыматка ылайык, патрулдук-жол инспектор кызматы тарабынан 89 462 жол эрежесин бузган факты аныкталган. Алардын ичинен 39269у өтө эле катаал эреже бузгандар. 1752 айдоочу унааны мас абалында башкарып бара жаткан болсо, 13 902си унааны өтө жогорку ылдамдыкта айдашкан дагы 1352си ар кандай жол эрежелерин бузушкан. Жол эрежелерин бузган бул айдоочуларга карата тиешелүү чаралар көрүлгөн.

Ноябрдын үчүнчү жумасында 223 жол кырсыгынын натыйжасында 216 жаран жабыркаган.

Үстүбүздөгү жылдын акыркы 10 айында Өзбекстанда дээрлик 8 миңге жакын жол кырсыгы катталып, андан 2 миңден ашуун адам каза болгон.

Пикир

Оставить комментарий