• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн аптада жол эрежелерин бузган чет өлкөлүк номерлүү 356 унаа кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.02.21. /Кабар/. Милициянын кайгуул кызматкерлери 4-февралдан 12-февралга чейин каттоо мөөнөтү өтүп кеткен, түзүлгөн протоколдор үчүн айыппулдарын өз убагында төлөбөгөн, ошондой эле ар кандай жол эрежесин бузган чет өлкөлүк жана транзиттик номерлүү 356 автоунааны аныктады.

Кайгуул кызматынан билдиришкендей, алардын ичинен 55и Россиянын, 8и Армениянын, бешөө Азербайжандын, 274ү транзиттик номурлар жана башка чет өлкөлүк номерлүү унаалар.

Кармалган унаалардын баарына Бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде тиешелүү протоколдор толтурулду. Анын ичинен чет өлкөлүк 7 автоунаа ар кандай багытта жол эрежелерин бузгандыгы үчүн убактылуу токтотуучу жайга киргизилди.

Милициянын кайгуул кызматы атайын коопсуз шаар долбоорунун алкагында коюлган видео көзөмөлдөрдөн жашынып же видео көзөмөл жазбайт деген түшүнүк менен катуу ылдамдык менен айдаган айдоочуларга, ошондой эле каттоо нөөмөтү өтүп кеткен чет өлкөлүк транзиттик номерлүү автоунааларга карата мындан арыда текшерүү жана чара көрүү иштерин улантат.

Пикир

Оставить комментарий