• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өткөн эки жылдын ичинде аймактарды өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү – Иманалиев

Саясат 0

Бишкек, 09.01.20. /Кабар/. Өткөн эки жылдын ичинде аймактарды өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында КР президентинин аппаратынын Стратегиялык өнүктүрүү, экономика жана финансы саясаты бөлүмүнүн башчысы Данияр Иманалиев билдирди.

Ал, "2020-жыл Аймактарды өнүктүрүү, өлкөнү санариптештирүү жана балдарды колдоо жылы" деп кабыл алынган жарлыкка токтолду.

"Аймактарды өнүктүрүү багыты 2040-жылга чейинки стратегияда дагы өзүнчө тармак катары көрсөтүлгөн. Ага байланыштуу 2018-жыл Аймактарды өнүктүрүү, 2019-жыл аймактарда мамлекеттик жана муниципалдык кызматтардын сапатын көтөрүү, жергиликтүү бийликтин ишинин натыйжалуулугун арттыруу максатында санариптештирүү жылы деп жарыяланган. Өткөн эки жылдын ичинде негизги аймактарды өнүктүрүү боюнча шарттар түзүлдү деп айтса болот", - деди ал.

Ал белгилегендей 2018-2019-жылдын ичинде бюджет жана салык саясаты боюнча мыйзам базасына өзгөртүүлөр киргизилген.

"Өзгөртүүлөргө ылайык, бүгүнкү күндө жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүн чыңдоо боюнча Салык кодексине өзгөртүүлөр киргизилип, 2018-жылы 2 млрд, 2019-жылы 2,1 млрд каражат жергиликтүү бюджетке көбүрөөк жумшалды. 2020-жылга 2 млрд сом экспортко багытталган ишканаларды каржылоо боюнча атайын программага бөлүнүп берилүүдө", - деди ал.

"Эки жыл аралыгында таза сууга муктаж 653 айылдын дээрлик 100 айылында суу менен камсыздоо объекттери салынды. Эки жыл ичинде жол инфраструктурасын жаңылоонун алкагында 828 чакырым жол салынып, оңдоодон өткөрүлдү. 2019-жылы райондук борборлордо 141,3 чакырым жолго асфальт төшөлдү. Аймактарды газдаштыруу боюнча иштер жүрүүдө. 2030-жылга карата Кыргызстандын 60%ын газ менен камсыз кылуу планы турат", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий