• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн сутка ичинде 90 миң чарчы метрден ашуун аймак дезинфекцияланды - ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 16.04.20. /Кабар/. 2020-жылдын 15-апрелинен тарта өлкө боюнча дезинфекциялоо иштери жарандар көп бара турган дүкөндөрдүн, банктардын, базарлардын жана дарыканалардын имараттарында жүргүзүлүүдө. Бул тууралуу КР Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин Калкты жана аймакты коргоо башкармалыгынын башчысы Айбек Чекирбаев билдирди.

Анын айтымында, 15-апрель күнү жалпысынан 54971 чарчы метр имараттын ичи, 38702 чарчы метр имараттын сырты, жалпы 93 673 чарчы метр аймак дезинфекцияланып, 28 куткаруучу тартылган.

Учурда залалсыздандыруу иш-чаралары улантылууда.

Пикир

Оставить комментарий