• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн сутка ичинде бир бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 28.06.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде бир бейтап COVID-19 инфекциясынан каза болду. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Республикалык клиникалык ооруканасында 1964-жылы туулган аял киши каза болду.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда 28-июнга карата коронавирус жуктурган 235 жаңы учур катталды. Азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 4748ди түзөт. Алардын ичинен 2242 адам коронавирустан айыгып, ооруканадан чыгарылган. Коронавирус жуктурган 47 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий