• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок

COVID - 19 0

Бишкек, 20.08.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде COVID-19 илдетинен каза болгондор катталган жок. Бул тууралуу онлайн брифингде саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Буга чейин коронавирустан 1 миң 54 адам каза болгону айтылган.

Белгилей кетсек, Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 42 миң 507ни түзөт. Алардын ичинен 35 миң 486 киши айыгып чыкты.

Пикир

Оставить комментарий