• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өткөн сутка ичинде ӨКМ тарабынан аткарылган иштер тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 30.07.20. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги өткөн сутка ичинде аткарылган иштер тууралуу маалымат берди.

Ага ылайык, кечээ, 29-июль күнү министрлик тарабынан өлкө боюнча 32 210 погондук метр унаа жолдор, 144 230 чарчы метр имараттар дезинфекцияланган.

Мындан тышкары ӨКМ тарабынан жалпы 7 миң 958 адамга ысык тамак-аш берилген. 112 кызматына өткөн сутка ичинде жалпы 6 415 чалуу катталып, анын ичинен 146 коронавирус боюнча чалуу түшкөн.

Дезинфекциялоо, госпиталда жайгашкан жарандарга ыңгайлуу шарт түзүүгө (орундук, тамак-аш жеткирүү), гуманитардык жардамды жерине жеткирүүгө 305 кызматкер жана 27 унаа тартылган.

Пикир

Оставить комментарий