• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Кыргызстанда өткөн сутка ичинде коронавирустан алты, пневмониядан 40 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 10.07.20. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде коронавирустан алты, пневмониядан 40 адам каза болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (эркек, 90 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аялдар – 70, 69 жашта), Жалал-Абад облустук ооруканасынан – 2 (эркектер – 49, 53 жашта), Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 61 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 40 бейтап каза болду. Алардын ичинен 14 адам республика боюнча жана Бишкекте 26 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны 350 адамды түзөт”, - деди Акматова.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 9358ге жетти. Алардын ичинен 1450сү медицина кызматкери. Илдеттен 3134 жаран айыкса, коронавирус жуктурган 122 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий