• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Өткөн сутка ичинде Кыргызстан боюнча 15 өрт катталган – ӨКМ

Кырсык 0

Бишкек, 23.10.17. /Нуркыз Сабырова – Кабар/. Өткөн суткада Кыргызстан боюнча 15 өрт кырсыгы катталып, аны өчүрүүгө 30 бөлүм тартылган. Бул тууралуу ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, 22-октябрда саат 10:17де Асанбай кичи районунда А. Токомбаев көчөсүнүн №21 дарегинде жайгашкан “Бигмар” ЖЧКна таандык имарат күйгөн. Өрттүн жалпы аянты болжол менен 3100 чарчы метр,анын ичинен: 1800 чарчы метр машыгуучу залдын чатыры, 1000 чарчы метр “Корчма”, “Марио”, “Бухара”, “Асанбай”, “Ганбей”, “Барк Лайс”, “Кайзер” ресторан-кафелеринин чатырлары, «DELTA FITNES» клубдун 100 даана машыгуучу тренажерлор жана жалпы имараттын кире беришинде жайгашкан 300 чарчы метр жыгач устундуу жайкы эс алуучу жайдын чатыры толугу менен күйгөн.

Өрттү өчүрүүгө 5 өрт өчүрүү кызматы, кызматынан 6 куткаруучу жана тез жардам кызматы, Тазалык ишканасынан 3 суу ташуучу унаа, Суу чарба башкармалыгынан 1 суу ташуучу унаа тартылган.

Маалыматка ылайык, саат 13:3де өрт чектөөгө алынып, саат 17:53дө толук өчүрүлгөн. Куткаруучулар тарабынан 13 адамга биринчи медициналык жардам көрсөтүлгөн. Өрттүн чыгуу себеби такталууда.

Дагы бир өрт Ленин районундагы коомдук тамактануу жайында катталгандыгы тууралуу маалымдалат. Жалын “Нурсалам” чайханасынан чыккан. Жабыркагандар жок.

Пикир

Оставить комментарий