• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Өткөн сутка ичинде Кыргызстанда 29 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 17.08.18. /Кабар/. Өткөн сутка ичинде республиканын аймагында 29 өрт кырсыгы катталып, өрттөрдү өчүрүүгө 32 бөлүм тартылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Биринчи Май районундагы Волков көчөсүндө жыгач устундуу шифер жабылган турак үйдүн 30 чарчы метр чатыры жана 1,5 чарчы метр таштанды күйгөн. Өрт отко этиятсыз мамиле кылуудан келип чыккан.

Сокулук районунун Маловодный айылында ачык аянтта 3 гектар куураган чөп күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Аламүдүн районундагы Пригородный айылынын Дорожный көчөсүндө 120 чарчы метр куураган чөп жана 3 куб отун күйгөн. Өрт электр ширетүү иштеринде өрт коопсуздук эрежелеринин бузулушу.

Аламүдүн районунун Ленин көчөсүндө аянты 100 чарчы метр мончо толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий