• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Ош облусунун аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда

Аймак 0

Бишкек, 24.08.20. /Кабар/. Ош облусунун жана Ош шаарынын аймагында дезинфекциялоо иштери уланууда. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, кечээ, 23-август күнү облус боюнча 1325 м² имараттардын ичи-сырты, 4500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланып, иш-чарага 20 куткаруучу тартылган.

Ош облусунда 3500 м² имараттын ичи-сырты дезинфекцияланып, 12 литр суюк хлор колдонулду;

Ош шаарында 6150 м² имараттын ичи-сырты жана 4500 погондук метр автоунаа жолдор дезинфекцияланды.

Белгилей кетсек, дезинфекциялоо иштери жөө жүрүү жана өрт өчүрүүчү унаа менен аткарылып, жарандар көп бара турган объектилерге, маселен дүкөндөр, банктар, базарлар, дарыканаларда жана унаа жолдордо жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий