• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Өткөн суткада 4 медик коронавируска чалдыкты

COVID - 19 0

Бишкек, 17.09.20. /Кабар/. Өткөн суткада 4 медик коронавируска чалдыкты. Бул тууралуу Коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, Баткен облусунда бир, Ош облусунда 2 жана Ош шаарында бир медик илдетке кабылды.

"Ал эми бир суткада ооруканалардан бир медкызматкер жана үй карантининен 9 медкызматкер айыгып чыгарылган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында 3 миң 185 учур катталды, алардын ичинен 2 миң 739 медкызматкер айыгып чыкты", - дейт ал.

Белгилей кетсек, 17-сентябрга карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуккан 81 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 45 миң 153тү түзөт. Алардын ичинен 41 миң 317 киши айыгып чыкты, 1 миң 63 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий