• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн суткада үй жана унаа күйүп, үч адам жабыркаган

Кырсык 0

Бишкек, 28.03.22. /Кабар/. Өткөн суткада Чүй облусунун аймагында үй жана унаа күйүп, үч адам жабыркаган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалымат кызматы билдирди.

Кант шаарынын 2-кичирайонунда турак үйдүн бөлмөсүндөгү жууркан жана плитка күйгөн. Өрттүн кесепетинен 27 жаштагы Х.Г. аттуу аял киши өрттүн изине ууланып калган.

Куткаруучулар жеткенге чейин аны тез жардам кызматы Кант шаардык ооруканага алып кеткен, абалы туруктуу.

Мындан сырткары, Бишкек-Ош унаа жолунун 65-чакырымында Mazda 323 үлгүсүндөгү жеңил унаа толугу менен күйүп кеткен. Өрттүн кесепетинен 35 жаштагы М.Э. аттуу эркек киши жана 26 жаштагы С.Р. кызы күйүк алган.

Белгилей кетсек, сутка ичинде республиканын аймагында жети өрт кырсыгы катталып, өрттү өчүрүүгө жети бөлүм тартылган.

Пикир

Оставить комментарий