• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өткөн суткада коронавирустан 7, пневмониядан 41 адам каза болду

COVID - 19 0

Бишкек, 16.07.20. /Кабар/. Өткөн суткада коронавирустан 7, пневмониядан 41 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова билдирди.

Анын айтымында, кыргыз-түрк “Достук” ооруканасынан – 1 (эркек, 78 жашта), Баткен облустук ооруканасынан – 1 (аял, 71 жашта), Нарын облустук ооруканасынан – 1 (аял, 72 жашта), Жайыл аймактык ооруканасынан – 2 (аял, 42 жашта, эркек 63 жашта), Кара-Буура аймактык ооруканасынан – 1 (эркек, 79 жашта) жана Панфилов ЖДПК – 1 (эркек, 53 жашта) адам коронавирустан каза болду.

“Бир сутка ичинде пневмониядан 41 бейтап каза болду. Алардын ичинен 20 адам республика боюнча жана Бишкекте 21 адам. Март айынан бери жалпы каза болгондордун саны – 612 адам”, - дейт ал.

Белгилей кетсек, азыркы тапта өлкөдө коронавирус жуктурган учурлардын саны 12 миң 498ге жетти. Алардын ичинен 2076сы медицина кызматкери. Илдеттен жалпы 5632 (үй изоляциясынан 1897) жаран айыкса, коронавирус жуктурган 167 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий