• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Өткөн суткада өлкө аймагында 15 өрт кырсыгы катталды

Коом 0

Бишкек, 13.07.21. /Кабар/. Бир сутканын ичинде республиканын аймагында 15 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө 16 өрт өчүрүү бөлүмдөрү тартылды. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкек шаарында 5, Ош шаары 3, Чүй облусунда 4, Жалал-Абад облусунда 1, Ысык-Көл облусунда 1, Талас облусунда 1 өрт кырсыгы катталган.

Бишкек шаарынын Свердлов районундагы Жибек-Жолу проспектисинде жалпы аянты 60 чарчы метр болгон сарай толугу менен күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусунун Сокулук районунун Сокулук айылы, Каракачев көчөсүндөгү жыгач устундуу шифер жабылган кампанын 20 чарчы метр чатыры күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Чүй облусундагы Токмок шаарындагы борбордук “Булак” базарында жайгашкан “Айпери” дүкөнүнүн 20 чарчы метр ички жасалгасы жана азык-түлүктөрү күйгөн. Өрттүн себеби электр зымдарынын кыска чыңалуусу.

Ошондой эле Панфилов районунун Чалдовар айылына жакын талаада 1 га арпа жана буудай эгини күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий