• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн суткада өлкө аймагында 16 өрт кырсыгы катталды

Кырсык 0

Бишкек, 22.07.21. /Кабар/. Акыркы 24 саатта Кыргызстандын аймагында 16 өрт кырсыгы катталды. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка караганда, Бишкек шаарында 7, Талас облусунда 1, Чүй облусунда 4, Ош облусу 2, Жалал-Абад облусунда 2 өрт кырсыгы катталып, аларды өчүрүүгө жалпысынан 17 өрт өчүруу бөлүмү тартылган.

Ош облусунун Ноокат районунда Чоң-Көтөрмө айылынын Каримбердиев көчөсүндө азык-түлүк дүкөнүнүн 40 чарчы метр шыбы жана 4 муздаткыч күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Бишкектин четиндеги Ак-Өргө конушунун Алты Бакан көчөсү №71 дарегинде жалпы аянты 60 чарчы метр турак үйдүн ичинде телевизор, диван, үч даана терезе, эки шкаф, эки тумбочка жана тиричилик буюмдар күйгөн. Өрттүн себеби такталууда.

Пикир

Оставить комментарий