• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өткөн түнү Маевка айылында бир нече өрттөө фактысы аныкталды – ИИМ

Укук тартиби 0

Бишкек, 17.10.17. /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. 16нан 17-октябрга караган түнү Маевка айылында бир нече өрттөө фактысы аныкталган. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда 4 өрттөө фактысы катталган.

“Бир адамдын үйүн жана үчөөнүн унааларын өрттөшкөн. Азырынча бул факты боюнча эч ким кармала элек. Жабыркаган объектилердин бардыгы Жаш Гвардия көчөсүндө жайгашкан”,-деп кабарлашты милициядан.

Пикир

Оставить комментарий