• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти – Улуттук энергохолдинг

Коом 0

Бишкек, 14.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Бул тууралуу "Кабар" агенттигиндеги маалымат жыйында "Улуттук энергетикалык холдинг компаниясы" ААК башкармалыгынын төрагасынын биринчи орун басары Асхат Бердиев билдирди.

Анын айтымында, күз-кыш мезгилине электр энергия тармагы даяр.

"Оңдоп-түзөө иштери 100%га аткарылган. Ноябрь айынан бери суук болгондугуна байланыштуу электр энергияны колдонуу кескин түрдө өсүп кетти. Кыргызстанда өткөн түндө электр энергияны колдонуу рекорддук деңгээлге жетти. Сутка ичинде 68 миң 800 МВт энергия колдонулду", - дейт ал,

Бердиев автоматтык өчүрүү, коргоочу жабдуулар иштеп кетпеси үчүн жарандардан электр энергия менен үйдү жылытпай, көмүр, газды колдонууга чакырат.

"Кыргызстанда ноябрь айында 36 млн кВт энергия сапталган", - деп белгиледи ал.

"Кыргызстан улуттук электр тармагы" ААК башкы директору Эмил Куданалиев кошумчалагандай, кечээ электр энергиянын керектөө кубаттуулугу 3 миң 240 МВтка жетти.

"2020-жылдын 29-январында 3 миң 224 МВтка жетти. Бирок ал учурда абанын температурасы -20...-30 градуска жеткен. Азыр -10 градус эле болууда. Өкмөттүн токтому менен электр энергиянын лимити түзүлгөн. Декабрдын лимити 1 млрд 886 млн кВт саат. Электр энергиянын керектөө ошол эле коңшу Казакстанда, Өзбекстанда жана Тажикстанда да өсүүдө", - деп айтты Куданалиев.

Пикир

Оставить комментарий