• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Өткөн жумада Өзбекстанга учуп келген 21 жүргүнчүдөн коронавирус табылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 04.01.21. /Кабар/.Өткөн жумада Өзбекстанга учуп келген 12 миң жүргүнчүнүн 21инен коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу Uzbekistan Airports авиакомпаниясы билдирди.

Компания COVID-19 табылган жарандардын кайсыл өлкөлөрдөн келгени боюнча маалымат берген жок.

Өзбекстанда коронавируска каршы күрөшүү үчүн түзүлгөн атайын комиссиянын чечимине ылайык, 25-декабрдан тартып өлкөгө учуп келген жарандардын баары, анын ичинде вирус жок экенин ырастаган ПЧР-тести барлар да кайрадан экспресс-тесттен өткөрүлө баштаган. Буга байланыштуу өткөн жумада Ташкент эл аралык аэропортунда тест тапшыруу үчүн жүргүнчүлөр арасында узун кезек жаралганы кабарланган.

Өзбекстадын Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, өлкөдө 2-январга карата коронавирус жуктургандар 77 231 кишиге жетти.

Пикир

Оставить комментарий