• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Өткөн жылдын март айынан бери 2 миң 94 баладан коронавирус табылган

COVID - 19 0

Бишкек, 27.07.21. /Кабар/. 2020-жылдын март айынан бери балдар арасында COVID-19 менен ооруп, республиканын стационарларында дарыланып чыккан 2 миң 94 учур катталган. Бул тууралуу Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун башкы дарыгери Айна Жетыбаева брифинг учурунда билдирди.

Анын маалыматына караганда, жалпы катталгандардын ичинен стационарда дарылоодон өткөндөр:

Бишкекте – 807
Ош шаарында – 124
Чүй облусунда – 351
Ош облусунда – 342
Талас облусунда – 20
Нарын облусунда – 98
Ысык-Көл облусунда – 145
Жалал-Абад облусунда – 134
Баткен облусунда – 73

Ооругандардын жаш-курагы боюнча:
1 жашка чейин – 311 (14,8%) бала;
1 жаштан 4 жашка чейин – 624 (29,8%);
5 жаштан 15 жашка чейин – 759 (36,2%);
16-18 жаштагылар – 400 (19,2%).

Оордугуна жараша:
- орточо оор абалда - 24,5%;
- оор абалда - 16,5%:
- өтө оор абалда - 1,7%.

Каза болгон 6 учур (0,4%) катталган.

Пикир

Оставить комментарий